Бермудадан Баян
The story below is about my trip to Bermuda which I prepared for my Kyrgyz Language class. I thought it will be interesting for those who speak Kyrgyz. I labeled it "кыргызча"(in Kyrgyz) and hope that there will be more posts coming in Kyrgyz language too. Enjoy :).
Аяк оонанын 8. Кеч кирип саат 11:00 чамасында эле. Учактын тегерек айнегинен эч нерсе көрүнбөй жатты. Маал-маалда эле чагылгандын жалтылдаганы көрүнүп учактын калың булутту кесип учуп бара жатканы билинип турду. Стюардессалардын билдирүүсү боюнча биз коопсуздук кемерлерин тактык. Күндүн күркүрөгөнүнөн бү же шамалдын күчтүүлүгүнөн бү зор учак да солкулдап титиреп жатты. Бир жагынан Том Хенкс катышкан «Изгой» киносу да эсиме түшүп жатты. Ордумда коопсуздук кемерге бышык курчанып отуруп тегерек айнектен качан жер көрүнөт экен деп бараттым.
Көп өтпөй Бермуда аралдарынын эл аралык аэропортуна келип кондук. Учактан түшкөндө аябай жылуу бирок күчтүү жел уруп жатты, абанын ушунчалык нымдуулугу сезилди. Мени аэропортто шорты кийген жана галстук тагынган эки эркек киши жылмаюуу менен тосуп алышты. Алар кийинчереек мен катышкан программанын уюштуруучулары болуп чыкты. Ошондой эле менин ал жердеги болочок үй бүлөм да тосуп алды. Алар менен бирге жүгүмдү үй бүлөмдүн машинесине салып, үйүнө жөнөп кеттик.
Дона Ибериа – мени көз карамагына алган айым - кичине машинесин тар жолдор менен айдап аэропорттон алыстап баратты. Ал менин ал-акыбалымды сурап, мага атайын бир каана даярдаганын айтты. Нөшөрлөгөн жамгыр машиненин маңдай айнегине чакадан куйгандай агып жатты. Кандай жерге туш болдум экен деп машиненин айнегинен алаңдап эки жакты карадым, бирок эч нерсени көрө албадым. Караңгы. Анда санда чагылгандын жалтылдаганынан үйлөрдүн тамдары жана дарактардын жамгырга жуулган жалбырактары жолдун үстүнөн салбаңдап көрүнүп жатты. Көпүрөдөн өтүп жатып кай жакты карабадым тынчсызданган деңиз толкундары адам боюндай көтөрүлүп көпүрөнүн бооруна урунуп жатты. Дона Ибериа аба ырайынын жамандыгына арызданып машинесин женилдик менен башкарып баратты. Мен ощондо кандай жерге келип калдым экен деп дагы бир чочудум...
Ошентип келгениме эки жума өтө элек аралдын шарттарына үйрөнүп баштадым. Бекерден бекер эле чочуган экем. Арал өзү чынында кооз экенин келген күндүн эртеси эле көрдүм. Кайда карабасам жашыл бак дарактар, тыкан үйлөр жана көкмөк суу. Бирок бир жагынан арал аябай кичине көрүндү мага. Кичине жолдор, кичине унаалар жана жапыз тамдар. Өзүмчө ойлонуп да жаттым, «Бул жерди бир айдын ичинде эле көрүп бүтөм го» - деп. Бирок мен жаңылышкан экенмин
Мени аба ырайы жакшы тосуп албаганы менен башкалар ысык маанайда тосуп алышты. Мектепке келерим менен класс жетекчи мага сабак тандоодо жардам берип классыбыздагы башка окуучулар менен тааныштырды. Классташтарым мени көргөндө көп деле таң калышпады, бирок атымды көп жолудан сурагандан тартынышкан жок. Мен да ага сүюндүм, анткени өзүмдү жат жаныбар сыяктуу сезгим келбеди, батыраак алар менен аралашып достошкум келди.
Ар бир сабактын ортосунда же чак түштө биздин класстын окуучулары биздин класска гана тиеше болгон каанага чогулчубуз. Ал каанада чогулуп ал каанадан үйгө тарачубуз. Ал жерде окуучулар кааласа сабагын кылышчу, кааласа тамагын даярдашчу же жөн маектешишчү. Бирок качан бул каанага кирбе балдардын мелдеш же кызуу талкуулары токтобойт эле. Ошентип мектептеги биринчи күндөрңм балдардын тилин түшүнүү аракеттинде эле өттү. Алардын англис тили биздин мектепте үйрөткөн англис тилинен такыр эле башкачадай угулду кулагыма. Эмне болсо да аларга аралаша бащтадым. Достошуу кыйынчылык туудурган жок. Мен муну аралдыктардын меймандостугунан го деп да ойлоп калдым.
Кыздар каанада отуруп маектешкенден же сабак окугандан башка эч нерсе кылышчу эмес. Кыздарга караганда балдар шахмат, карта же компютер ойноп бош убакытын кызыктуурак өткөрүшчү. Мен да балдарга кошулуп мага жат болгон «покер» жана көптөгон башка карта ойюндарды үйрөндүм. Балдар мени менен шахмат ойногонду аябай кызык көрүштү жана ким менен ойнобоюн дайым бизди балдар курчап калышчу.
Ошентип окуу башталып, мени бир айдай мектепке Дона Ибериа мащинеси менен жеткирип жана кайта алып келип жатты. Күндө эрте ойгончумун анткени мектебим алыста эле. Ага кошумча эрте менен жолдор жумушуна жөнөгөн же балдарын окуусуна жеткиргендерин унаалары менен толуп “пробка” пайда болчу. Окууга ошондой эле кееде автобуска түшүп, кееде суу жолдору аркылуу эл ташуучу кемеде барып жаттым. Бирок бир айдан кийин айдоо сынагын өтүп «мопед» айдоого укуктуу болдум. «Мопед» миңгенден соң аралдын кооздугу күндөн күнгө ачылып жатты.
Бермуданны жаштары 16чы туулган күнүдө ата-энесинен күткөн биринчи белек бул «мопед». Бермудада ким болбосун 16 жашка толгон соң «мопед» айдоого толук укуктуу болушат. Ощондуктан алар 16 жашка толгонду чыдамсыздык менен күтүшөт, анткени «мопед» аларга эркиндиктин белгисиндей. Ошондой эле ар бир үй бүлөгө төрт дөңгөлөктүү унаадан бирөө эле жетиштүү деген мыйзам тарабынан чектелүү коюлган. Ошондуктан «мопед» эл арасында аябай тараган унаа болуп эсептелет
Эми аралдын озу жонундо айтып берейин.
Жайгалышы: Бермуда аралдары дүйнөдөгу табышмактуу аралдардын бири болуп эсептелет, себеби анын Бермуда уч бурчтугуна да байланышы бар. Эгер Бермуданы дүйнөлүк картадан издейтурган болсок бир көруп эле табыш аябай кыйын, анткени ал картада кичине гана чекит сыяктуу. Бермуда аралдары Түндүк Атлантика мухитинин түштүгүндө жайгашкан архипелаг. Бермуда аралдары, архипелаг же аралдардын тобу болуп эсептелет жана ал 360 жакын аралдардан турат. Эң чоң жана административдик аралдын аянты 54 км2 (чарчы километр). Бир башынан экинчи башына болгон узундугу 30км чамасында, жана орточо кенендиги – 4км. Бермуда аралы Нью-Йорк шаарынан 1245 км алыстыкта, жана Лондондон 5543 км алыстыкта жайгашкан.
Тарых: Мен учакта келе жатканда маңдайымдагы отургучтун жөлөнгүчүнө кыстарылган түстүү журналдарды барактап баштадым. Арасында Бермуданын тарыхы деген болүмгө келип такалып аны кызыгуу менен окуп бащтадым. Окуганыма караганда, Бермуда аралдары алгач 1503жылы (ХIVк.) испан деңиз сүзүүчүсу Хуан де Бермудез тарабынан табылып кийинйереек анын аты менен аталып калыптыр. Бирок испандыктар аралга эл көчүрүп келүүгө аракеттенишпептир. Ал эми 1609 жылы Адмирал Сир Джордж Сомер бащтаган 9 кемеден турган Англиялык колонизаторлор Лондондон Джеймстаунга (Вирджиния, АКШ) эл көчүрүп жатып Бермуда рифтерине кагылып кырсыка учураптыр. Ошентип аралдар Англияга белгилуу болуп калат. 1612 жылы аралда биринчилерден болуп 60 адам көчүрүлүп келип Ыйык Джордж(St. George)шаарын кура башташкан экен. Убакыттын өтүшү менен Анлиялыктар аралды өзүнүн колониясу катары кабыл алып аны бащкара бащташат. Арал Атлантика мухитинин ортолорунда жайгашкандыктан ал Англиялыктарга ыңгайлуу деңиз порту болуп калат. Англиялыктар Түндүк Америкага көчүп жатканда, Бермуда аралдарында токтоп азык топтоп түнөп кетишчү экен. Ошондой эле, Дүйнөлүк Согуш кездеринде Бермуда аралдары Америка жана Улуу Британияга аэропортунун кичине аянтын аскерий максаттарда колдонууга ижарага берет.
Климаты: Бермуда аралы субтропикалык кеңдикте жатат. Жайкы орточо температурасы 25-35С° жана кышкысы 16-21С°. Жайлары аябай жылуу жана абанын нымдуулугу менен андан да жылуу болот. Жайкысын дениз суусу денеге жагымдуу, жана суудан чыкпай жүрө бере тургандай. Бирок күн нурунун күчтүүлүгүнөн жана деңиз суусунун туздуулугунан тез эле күн нуруна денени күйгүзүүгө болот. Ал эми кышкы аба ырайы болсо аябай биздикинен айырмаланат. Ал жердин кышы биздин күзгө окшоштурса болот, бирок жамгырлар күндөп же жумалап жай бере алат. Кееде каттуу щамалдар да болуп дениз толкундайт. Жергиликтуу жашоочулар болсо жамгырдын жааганына аябай кубанышат, анткени алардын иче турган суусу жамгырдан алынат. Ага жараша үйлөрү да мыкты салынып, тамынан түщкөн суу, уйнун астына келип топтолот.
Жалпы маалымат
- Элинин саны: 65,773
- Этникалык топтор: афро-бермуддар 54.8%, европеоиддер 34.1%, аралаш 6.4%,
- Шаарлары: Гамильтон(борбор), Ыйык Георгий(St.Georgе)
- Акча бирдиги – бермуда доллары(АКШ долларына барабар)
- Олко башчысы – премьер министр – Дженнифер Смит
Аралдын кичинелигине жараша элинин саны да кичине. Аралда болгону 65 000 эл жашайт. Арал тургундары көбүнчө бири бирин тааныйт. Бул бир жагынан аралдагы тынчтыктын өкүм сүрүп турганына себептир. Арал 9 бөлүктөн турат жана бары бири бирине байланышкан.
Аралдагы жашоочулары көбүнчө эле афро-бермуддар. Алар бүт элдин 60% түзүшөт. Мунун себеби алар арал биринчи табылганда кул катары Африка континентинен 1616 жылы көчүрүлүп келишкен. Ал эми эки кылымдан кийин 1834 жылы кулчулук түп тамыры менен жоюлгандан кийин муруңку кулдар Бермуда аралынын жарааны болуп калышкан.
Биринчи күндөрү Бермуда аралдарынын экономикасы туризмден эле куралат экен деп ойлогонмун. Чынында эле ошондой экен. Бермуда аралдары туризмге аябай ылайыкташкан жер. Аралды курчаган мөлтүр деңиз суусу, абасынын тазалыгы жана аралдын Англиянын эски нукура салтын сактап келгени туристтерде кызыгуу туудуруп өзүнө тартат.
Tуризм Бермуданын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Туризм Бермуда аралында 1883 жылдан баштап онугуп келген делет, себеби ошол жылы Принцесса Луиз, Королева Викториянын кызы, аралга сапары менен келип туризмдин өнүгүшүнө көмөк түзүп кетет.
Ал эми азыркы күндө аралдын анык кооздугу жана кызматтын чакандыгы АКШ, Канада жана Азиа менен Европа мамлекеттеринен көптөгон туристтерди өзүнө тартат. Бермуда аралдарына жыл айлана бара берсе болот, бирок туристтердин эң көп келген учурлары чын куран жана тогуздун айынын араларына туура келет. Аралдын айланасында 40тай пляж жана 10дой мыкты мейманканалар бар. Туристтердин эн көп келген мезгилде пляждарда адам жыш толот жана пляждарда ар кандай оюн зооктор уюштурулат. Кышында деңиз суусу муздак болгондуктан туристер арал аралап сейилдегени, спорт менен машыкканы же гольф ойногону келишет.
Акыркы 10 жылдан бери аралдын экономикасы эл аралык бизнес мекеме жана банктарга ыңгайлуу иш чөйрө түзүп берүү аркылуу да өнүгүп жатат. Арал эркин экономикалык зона же off-shore болуп эсептелет. Мындай шарттардын астында эл аралык мекемелер жана банктар Бермуда башкармалыгына салыкты эң эле аз өлчөмдө же кееде эч төлөшбөйт. Бул шарттар аралга көптөгөн инвестторлорду, мыкты адисттерди жана көптөгөн капитал алып келген. Азыркы кезде Бермуда аралдары эн бай өлкө болуп эсептелет. Анын ички дүң продукциясы(ИДП) $70 000 түзөт, ал АКШнын ИДПсынан $30 000 көп.
Кызыктуу фактылар: Аралда ошондой эле кызыктуу фактылар жана нерселер көп. Мен өзүм байкаган мисалдар: Бермудагы орточо үйлөрдүн баасы $1.5 миллион турат. Арал тургундарын өздөрүнө жөнөкөй эле угулганы менен четтен келгендерге аябай таң калыштуу. Ошондой эле аралдан тыщка эч нерсе экспорт кылынбайт.
· Бермуда аралдары 360 аралдан турат, бирок алардын 20 гана адамдар жашап келет
· Эң чоң арал Улуу Бермуда деп аталат
· Бермуда аралдары жанар тоо жана дениз тубуноду коралдардан тузулуп пайда болгон
· Аралда дарыя, көл же эч кандай булак жок. Ошондуктан аралдын жашоошулар үй ичинде жана ичүүгө жаандан топтолгон сууну колдонушат.
· Бермуда аралдары Улуу Британиянин дениз территорияларына кирет
· Бермуда аралдары Улуу Британиянын эн эски колониасы болуп эспетелет
· Бермуда аралдары өздөрүнүн «бермуда» шорталары менен белгилүү
Мына ошентип менин кереметтүү аралдагы 10 айлык жашоом да өттү. Мен башында бир айда эле көрүп коем дегеним менен, чынын айтсам дагы аралдын көп жерин көрбөй калыптрымын. Мунун себеби, мен убакытымды үйдө эле отуруп өткөргөндүктөн эмес, кайра мен күн сайын жаңы жерлерди канча көргөнү аракет кылсам да эч жетишпедим. Бул кичине эле аралда кооз жана кереметтүү жерлердин көптүгүн далилдеп турат. Дагы көрбөй калган жерлердин калганы Бермуда аралдарына келечекте дагы баруума себеп болуп калат го деп ойлойм.
Labels: кыргызча
0 Comments:
Post a Comment
<< Home