Forever Young

Stay young in your Heart and Soul!

Friday, September 28, 2007

Дасторкон-mates

"Дасторкон-mates" деген сөз университеттен эки досум менен бирге жашап калгандан кийин пайда болду. Үчөөбүз күндө бир дасторкондун четинде, өзүбүз жасаган тамакты же “куксини” бөлушүп жейбиз.
Өткөн жылы 1-курстта каалагандай, мына сентябрь айынан баштап досторум менен бирге жашап калдым. Буга чейин ата-энем менен бирге жашап жүрдүм, бирок студент болгондон кийин студентке окшоп жашап көрөюн дедим.
Ошентип 7-микрорайонго көчүп барганда эле биринчи байкаган нерсе бул микрорайондо адамдын жыштыгы болду. Бишкектин эли, студенттери анан сулуу кыздары бүт эле микрорайондордо турбайбы. Бирок ошого жараша эрте менен окууга баратканда же кечинде келе жатканда маршруткалар да өтө тыгын болот экен. Тңшүш керек болгондо, Арабаевдин студеннтери көбүраак болот, ошолорду эрчип эптеп маршруткадан түшүп калабыз. Эми кышында кандай болоорун көрөбүз...
Квартира өзү жаман эмес – кең залы менен кухнясы бар. Бир диван бар, ага көбүнчө мен жатам. Эмил(лендлорд) диванга жатып көнбөптүр, дайым полго жатып алат. Алман(freshman) болсо кээде-кээде оруп калат, ошондо диванга жатып калат. Ошонтип бир квартирада үч “дасторконмейт” жашайбыз.
Эми айта турган нерсе көп: эрте менен түшкөн маршруткадан баштап кеч жасап жеген тамака чейин. Ар бирине бирден пост арнаса да болот...

1 Comments:

Blogger Unknown said...

klassnyi rasskaz...A ty vse eshe jivesh tam ili pereehal?
A tvoi 'dastorkon-mates' toje uchatsia v AUCA?
Kstati, kyrgyzcha sonun jazat ekensin...znachit horosho govorish na kyrgyzskom.

Udachi!

1:39 PM  

Post a Comment

<< Home