Forever Young

Stay young in your Heart and Soul!

Monday, October 08, 2007

Түш

Инфляция жана күнүмдүк тамак-ашка баалардын жогорулашы бир эле тирүү адамдарды гана эмес маркум аталарыбызды да ойлонтуруп жатат окшойт...
Бүгүн түшүмдө дагы илгери балачагымдагыдай болуп айылга барып калыптырмын. Аыйлдын эгин-талаасында таң калаарлык адам көп: бирилери жер айдаган, кийинкилери буудай сепкен, айрымдары атын эки-жака чапкылаган же бири-бири менен бир нерсени кызуу сүйлөшкөн. Мен дагы жок жерден кызыл, маңдайында ак кашкасы бар бир тайлуу болуп калыптырмын. Тайды талаанын жолдорунда чапкылап, шашып чоң атама жардамга баратыпмын.
Бизге тийиштүү үлүш жер кайсы экенин билбей көп алаңдап издедим, акыры чоң атамдын бир талаанын башында отурганын көрдүм.
Чоң атам талаанын айдатып, жөөктөрүн алдырып үлүштүн башында бутун сунуп ойлонуп отуруптур. Жанына келеерим менен эле, “Келдиңби, эми Маматканыныкынан үч кап буудай урук сурап кел. Аның 150 килä болот...” Мен ойлонуп, 150сү үч капка батаар бекенин ойлонуп турганымда чоң атам жерге бир нерселерди чиймелеп дагы түшүндүрүп баштады, “Каптардын ооздору буулатурган кылып салсаң, үчөөндө бäрäбäр 50килäдäн болот.” Тирүүсүндөгүдөй эле тапшырманы так коюп бергенден кийин мен жөнөй бердим...

150 килä буудайды канча жерге жетеерин, андан канча түшүм алса болоорун билбейм. Бирок эмне болсо да жакшы даярдыкта болуп, кесепеттерди алдына алгыла дейин деген го

0 Comments:

Post a Comment

<< Home